Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:52

19-июлга карата коронавирустан жана пневмонияга чалдыккандар тууралуу маалымат кечикти


Бишкектеги күндүзгү стационарлардын бири.
Бишкектеги күндүзгү стационарлардын бири.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалыматты республикалык штаб берерин билдирди. Ыкчам штаб маалымат толукталып жатканын, бир аздан кийин берилерин кабарлады. Кечигүүнүн себеби түшүндүрүлгөн жок.

Бирок 19-июль, саат 14:00гө карата Кыргызстанда акыркы суткада канча адам коронавируска жана пневмонияга кабылганы тууралуу маалымат жарыяланган жок.

18-июлга карата Кыргызстанда коронавируска жана пневмонияга кабылган 1264 адам катталган. Бул илдеттерден бир суткада 73 адам көз жумган.

Ал күнкү маалыматты кошкондо Кыргызстанда жалпы коронавирус жана пневмония оорусуна чалдыккандардын саны 25 миңден ашты, пандемия башталгандан бери бул илдеттерден көз жумгандардын саны 858 адамга жетти.

Кыргызстанда бул эки илдеттин статистикасын чогуу эсептөө тууралуу чечим 17-июлда чыккан. (ZKo)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG