Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:21

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мусаев каза болду


Насыр Мусаев парламентте.
Насыр Мусаев парламентте.

“Кыргызстан дунгандары ассоциациясынын” экс-вице-президенти, Жогорку Кеңеште “Кыргызстан” фракциясынын мурдагы депутаты Насыр Мусаев узак оорудан кийин кайтыш болду.

“Кыргызстан” фракциясынын катчылыгы депутат мурдатан ооруп жүргөнүн “Азаттыкка” маалымдады. Маркум 62 жашта болчу.

Насыр Мусаев 1958-жылы Токмок шаарында туулган. Жеке ишкерлик менен алектенип, туристтик ишканаларды түптөгөн. Чүй облустук кеңешинин, Токмок шаардык кеңешинин депутаты болуп жүргөн.

2018-жылы Жогорку Кеңешке маркум депутат Жыргалбек Калмаматовдун ордуна депутат болуп келип, ден соолугуна байланыштуу жыйындарга активдүү катыша алган эмес. 2019-жылы күзүндө ордун Бектен Сыдыгалиевге бошотуп берген.

“Кыргызстан дунгандары ассоциациясында” 2013-жылы вице-президент болуп турган. Артында беш баласы калды. (ZKo)

XS
SM
MD
LG