Бул маалыматты Бишкек мэриясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн кызматкери Гуля Алмамбетова “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.
“Бактыга жараша, акыркы суткада бир дагы стационарда адам өлүмү катталган жок”, деп жазган ал.
Алмамбетованын маалыматына ылайык, өткөн суткада борбор калаадагы күндүзгү стационарларга 3 833 адам кайрылып, 2 989у дарыланды. 827 адам дарыгерлердин кеңешин алды. 17 адам ооруканага жаткырылды. Түнкү стационарга 650 адам кайрылып, 296 адам инфузиондук терапия алышты, 352 адамга дарыгерлер кеңеш беришти. Эки адам ооруканага жаткырылган.
Бишкекте жана өлкөнүн башка аймактарында коронавируска жана пневмонияга чалдыккан адамдар көбөйгөндүктөн, ооруканаларда орун жетишсиздиги пайда болгон. Ушундан улам ыктыярчылардын жардамы жана демилгеси менен өкмөт мейманканаларда, мектептерде, ресторан жана спорт залдарда кошумча стационарларды түзгөн.
Коронавируска каршы ыкчам штаб 19-июль, саат 16:00гө карата өлкөдөгү эпидемиологиялык акыркы кырдаал тууралуу маалымат бере элек.
18-июлга карата берилген маалыматта Кыргызстанда коронавируска жана пневмонияга кабылган 1264 адам катталганы кабарланган. Бул илдеттерден бир суткада 73 адам көз жумган. Ал күнкү көрсөткүчтү кошкондо Кыргызстанда коронавирус жана пневмония оорусуна чалдыккандардын жалпы саны 25 миңден ашты. Пандемия башталгандан бери бул илдеттерден көз жумгандардын саны 858 адамга жетти.
Адистер 6,5 миллион чамалуу эли бар Кыргызстан үчүн бул чоң көрсөткүч экенин айтышууда. (ZKo)