Коронавируска каршы ыкчам штабдын маалымдашынча, 19-июль, саат 17:30га карата Кыргызстанда COVID-19 жана пневмонияга 1020 адам кабылганы аныкталды.
Анын ичинде: Бишкек шаарында - 369
Ош шаарында – 151
Чүй облусунда – 123
Ош облусунда - 178
Талас облусунда – 37
Нарын облусунда – 31
Ысык-Көл облусунда – 31
Жалал-Абад облусунда – 40
Баткен облусунда - 60
Ушуну менен март айынан бери Кыргызстанда коронавируска жана пневмонияга кабылган адамдардын жалпы саны 26 532 болду.
Штабдын маалыматына караганда, бул көрсөткүч 16-июлдагы жана 18-июлдагы маалыматтар такталгандан кийинкиси.
Акыркы суткада коронавирустан жана пневмониядан 70 киши көз жумду. Бул илдеттерден каза болгондордун саны 1003 адамга жетти.
19-июлга карата жалпы өлкөдө коронавирус жана пневмониядан 1162 адам сакайып чыкты.
Республикалык штаб 19-июлга карата өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал тууралуу маалыматтардын кечиктирилип берилишин Саламаттык сактоо министрлиги статистиканы тактаганы менен түшүндүрдү. (ZKo)