Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:32

Иран: өлүм жазасына өкүм кылынган үч адамдын иши кайра каралат


Ирандагы нааразылык акциясы. 11-январь, 2020-жыл.
Ирандагы нааразылык акциясы. 11-январь, 2020-жыл.

Ирандын соту былтыр ноябрь айындагы нааразылык акцияларына катышты деп айыпталган үч адамды дарга асуу тууралуу өкүмүн кайра карап чыгат. Бул тууралуу айыпталуучулардын адвокаты "Твиттердеги" баракчасына жазды.

Иран соту 25 жаштагы Амир Хусейн Марадини, 27 жаштагы Саида Тамжидини, 25 жаштагы Мухаммад Ражабини дарга асуу тууралуу өкүм чыгарган эле.

Ирандын мурунку саясатчылары, маданият жана интеллигенция өкүлдөрү өлүм жазасына өкүм кылынган бул үч адамды колдоп чыгышкан.

Эл аралык Мунапыс уюмунун маалыматына караганда, Иранда 2019-жылы 251 адам өлүм жазасына тартылган.

2019-жылдын ноябрь айында Ирандын ондогон шаарларында ири нааразылык акциялары өткөн. Бийлик акцияны күч менен басып, ошол күндөрү 304 адам каза болгон.

XS
SM
MD
LG