Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:33

Ош ИИБ: “Шаарда бир гана инспектор иштеп жатат” деген маалымат жалган


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы “Ош шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгында (ЖКККБ) бир гана кызматкер калды” деген маалыматты төгүндөдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта Ош шаарында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өздүк курамы толук кандуу кызмат өтөп жатканы айтылат. Башкармалык ооруп, дарыланууга кеткен кызматкерлер бар экенин билдирди. Бирок, алар эмне болуп ооруп жатканын жана санын маалымдаган жок.

“Айрым социалдык булактарда «Ош шаарында бир гана МАИчи калды» деген мазмундагы материалдар чындыкка дал келбейт. Ош шаарынын жол кыймылы көзөмөлсүз калбайт”, - деп белгиленди маалыматта.

Социалдык тармактарда "Ош шаарында жол кыймылын тейлөөчү бир гана инспектор калды" деп жазып чыгышкан.

Буга чейинки маалыматтарда Ошто эки милиция кызматкери коронавирус илдети менен ооруп, көз жумганы кабарланган. (TSh)

XS
SM
MD
LG