Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:54

Каратаев: Саламаттык сактоо министри Германияда эмес, Бишкекте дарыланууда


Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов
Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин эки жетекчиси дарылануусун чет жакта эмес, Бишкектеги инфекциялык ооруканада улантып жатышат. Бул тууралуу 20-июлда министрдин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, министр Сабиржан Абдикаримовдун да, орун басары Нурболот Үсөнбаевдин да абалы жакшы:

“Сабиржан Токтосунович менен Нурболот Төлөшевич бүгүнкү күндө Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада жатышат. Абалы жакшы эле. Динамика жакшы эле. Кудай буюрса, жакында алар чыгышат. Чет мамлекетке кеткен эмес. Оору пайда болгондон кийин ооруканага жатышкан”.

Абдикаримов менен Үсөнбаев инфекциялык ооруканага түшкөнү 9-июлда расмий айтылган. Соңку күндөрү министрдин абалы оорлоп, ал дарылануусун Германияда улантып жатканы тууралуу сөздөр тараган.

Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда бул инфекция 27 143 адамга жукту, алардын 13 109у айыгып чыкты, 1 037си каза тапты.

Өкмөт дарыгерлердин шайы оогонун, жаңы резерв топтош керек экенин айткан, министрликтин аппаратында көп кызматкерлер ооруп жатканы кабарланган.

Саламаттык сактоо министринин эки орун басары бар.(RK)

XS
SM
MD
LG