Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:05

Башкы өпкө дарыгери: Денеси ысып, оорунун белгиси байкалгандын баары коронавирус


Кыргызстан. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстан. Иллюстрациялык сүрөт.

Азыр сысык тумоонун сезону эмес, андыктан денеси ысып, оорунун белгилери байкалып жаткан адамдардын баары коронавирус деп эсептелет. Бул тууралуу 20-июлда онлайн брифингде Кыргызстандын башкы өпкө дарыгери, коронавирус бейтаптарын дарылоочу илимий консультативдик кеңештин төрагасы Талантбек Сооронбаев билдирди.

Сооронбаев мындай адам оорунун очогу экенин белгилеп, башкаларга жуктурбоо үчүн обочолонушу зарылдыгын айтты:

“Денеси ысып, оорунун белгилери пайда болгон адам инфекциянын жайылтуучусу экенин түшүнүшү керек. Азыр кимдин денеси ысып, оорунун белгилери байкалып жатса, ошол адамды коронавируска чалдыккан деп кабыл алуу зарыл. Себеби азыр сасык тумоо жок, респиратордук вирустук инфекциянын сезону эмес. Мындай адамдар жаны аны менен контакт болгондор сөзсүз өзүнчө обочолонушу керек”.

Ошону менен катар Сооронбаев COVID-19га чалдыккан адамдын өпкөсү гана сезгенбестен, мурдагы өнөкөт оорулары да козголуп жатканын кошумчалады.

Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда бул инфекция 27 143 адамга жукту, алардын 13 109у айыгып чыкты, 1 037си каза тапты. (RK)

XS
SM
MD
LG