Бишкек шаарынын аймагында 12-июлдан 19-июлга чейинки мөөнөттө тескөөчүлөр 539 жол эрежесин бузуу фактысын каттады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Анда айтылгандай, 39 айдоочу автотранспортту мас абалында башкарганы үчүн жана төрт айдоочу машинесинин терезесин караңгылатып алганы үчүн жазага тартылды. 21 учур транспорт каражатын күбөлүксүз айдоо жана калган 475 учур башка эреже бузуулар.
169 автоунаа айып короосуна токтотулду, анын ичинен 79у атайын техника менен эвакуацияланып кеткен.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы эреже бузуулардын азыраак катталышын, пандемиялык кырдаалга жана жардандардын жагдайына жараша одоно эреже бузгандарга гана протокол түзүлүп жатканы менен байланыштырды. Калган майда эреже бузууларга жол берген айдоочулар түшүндүрүү жана эскертүү иш-чараларынан кийин коё берилип жатат. (ErN)