Француз өкмөтү жарандарды 20-июлдан тартып коомдук жайларда такай беткап менен жүрүүгө милдеттендирди. Талапты аткарбагандар 135 евро айып төлөшмөкчү.
Премьер-министр Жан Кастекс өлкө коронавирус пандемиясынын экинчи толкунун алдын алып жатканын, жабык жайларда, эл көп топтолгон жерлерде адамдар беткап тагынышы керектигин билдирди.
Саламаттык сактоо министри Оливье Веран социалдык аралыкты сактоо, жапырт тест алуу өңдүү эрежелерди улантуу зарылдыгын айтты.
Буга чейин Францияда коомдук транспорттордо жүргүнчүлөрдүн беткап тагынышы милдеттүү болчу. Бирок соода жайларда, дүкөндөрдө жана башка жерлерде адамдар беткап тагынып-тагынбоону өздөрү чечип жаткан.
Өлкөнүн бир катар туристтик жайларда саякатчылар сөзсүз түрдө оозу-мурдун кымтылашат. Француз бийлиги учурда оорунун жайылышы басаңдап жатканы менен илдет кайрадан жайылып кетиши ыктымалдыгын эскертип жатат.
Франция Европада бул оорудан көп жабыркаган өлкөлөрдүн бири. Коронавирус жалпысынан 212 миңге чукул адамга жугуп, 30 миңден ашык бейтап көз жумду.