Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:30

21-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Кыргызстан. Сары-Челек көлү.
Кыргызстан. Сары-Челек көлү.

21-июлда Кыргызстандын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын каттуу жаайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 17…22, күндүз 28…33;

Талас жергесинде түнкүсүн 15...20, күндүз 27…32;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 18…23, күндүз 30…35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 20…25;

Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2…+3, күндүз 5…10 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 31…33 градус болот.

XS
SM
MD
LG