Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:44

COVID-19: Орусияда соңку үч айдан бери ооругандар биринчи жолу аз катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда соңку бир күндүн ичинде коронавирус дагы 6 миңге чукул адамдан аныкталды жана бул акыркы үч айдан берки эң аз көрсөткүч болуп калды. Бул илдеттен бир күндө 85 бейтап көз жумду. Бул көрсөткүч да май айынан башынан берки эң төмөнкү сан болуп калды.

Оорудан каза болгондордун саны боюнча Санкт-Петербург биринчи орунда турат, шаарда бир күндө 26 адам өмүрү менен кош айтышты.

Өлкөнүн ыкчам штабы расмий статистикага коронавирус болуп ооруган бейтаптардын баарынын эле өлүмүн эмес, маркумдун көз жумганынын башкы себеби COVID-19 болгон деп тастыкталгандарды гана кошуп жатат.

Орусия коронавирус пандемиясынан улам киргизилген карантин чараларын 11-майдан тартып жумшарта баштаган. Ошондон бери оору жуккан учурлар эки эсе азайды. Акыркы бир жумада коронавирус күн сайын 6-7 миң адамдан аныкталып жаткан.

Пандемия башталгандан бери Орусияда ооруну 770 миңден ашык адам жуктуруп алды, илдеттен 12 миңден көп бейтап көз жумду.

XS
SM
MD
LG