Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:05

Жарым жылда мейманкана менен тойканалардын кызматы дээрлик 40% кыскарды


Кыргызстандагы ресторандагы тойлордун бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы ресторандагы тойлордун бири. Иллюстрациялык сүрөт.

2020-жылдын алгачкы алты айында мейманканалардын жана ресторандардын (тойканалар) кызмат көрсөтүүсү 5 млрд. 494,7 млн. сомдук көлөмдү түзүп, 2019-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 38,2% кыскарды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин Кыргызстандын керектөө рыногунун абалы жөнүндө ыкчам изилдөөсүндө маалымдалды.

Эки сервистин жумушунун көлөмү былтыркы жылдын алгачкы жарымында 8 млрд. 243,8 млн. сом болгон.

Жаз айларында коронавирус пандемиясы башталгандан кийин өлкөдө өзгөчө абал киргизилип кафе-ресторандарда той өткөрүүгө тыюу салынган. 11-майда карантин режими алынганына карабай бул чектөө кала берген.

Кыргызстанда коронавирус илдетинин көбөйүп жатканына байланыштуу эл көп катышкан иш-чараларды, анын ичинде аш-тойлорду өткөрүүгө расмий тыюу салуу сунушун мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков бир нече жолу белгилеп айткан. Президент Коопсуздук кеңешинин 6-июлдагы жыйынында бул маселеге кайрылып, Коронавируска каршы республикалык штабга аш-тойлорду расмий тыюу сунушун карап көрүүнү тапшырган.

7-июлда өткөн онлайн брифингде сүйлөп жатып премьер-министр Кубатбек Боронов буга чейинки эскертүүлөргө карабай жашырынып той өткөргөндөр бар экенин айтып, аларга катуу чара көрүлөрүн билдирген. (ErN)

XS
SM
MD
LG