Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:44

“Азаттык” пандемия курмандыктарынын алгачкы тизмесин жарыялады


"Азаттыктын" коронавирустун курмандыктарын эскерүүсү
"Азаттыктын" коронавирустун курмандыктарын эскерүүсү

"Азаттык" радиосу коронавирус эпидемиясында каза болгон кыргызстандыктардын алгачкы эскерүү тизмесин өз алдынча түзүп жарыялады. "Пандемия: Кимди жоготтук?" тизмеси аркылуу "Азаттык" маркумдардын артында өмүр, тагдыр, из, үмүт, кыял, жакындарынын кайгысы калганын көрсөткүсү келди.

Эскерүү тизмесинде ага кирген алгачкы 170 адамдын ар бири жөнүндө чакан маалымат топтолду. Алардын арасында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан ондогон медицина кызматкерлери, илимпоздор, коомдук-саясий ишмерлер, мугалимдер, журналист, студент, акын, маданий ишмерлер, соттор, милиция кызматкерлери, чарба адистери, ишкерлер, дин ишмерлери, спорт өкүлдөрү, үй кожойкелери бар.

Алардын эң жашы 22, эң улуусу 91 жашта.

Тизме орус жана кыргыз тилдеринде azattyk.org, rus.azattyk.org сайттарына жайгаштырылды.

Пандемия курмандыктарын эскерүү тизмеси улам толукталып, табылган маалыматтар кошумча тиркелип турат.

20-июлдагы статистика боюнча коронавриус эпидемиясы Кыргызстанда жайыла баштаган март айынан бери бул инфекция 27 143 адамга жукту, алардын 13 109у айыкты, 1 037 бейтап каза тапты. (BCh)

XS
SM
MD
LG