Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:46

Ташкентте үйүнөн дарылангандарга акысыз дары-дармек берилет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында 21-июлдан тартып коронавирустан үйүнөн дарыланып жаткан жарандарга керектүү дары-дармек салынган кутулар бекер берилет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Координациялык кеңешинин башчысы Хабибулла Акилов билдирди. Анын айтымында, ушул тушта ташкенттиктерге таратып берүү үчүн беш миң куту дары-дармек даярдалды.

Өкмөттүн чечими менен Өзбекстанда үйүнөн дарыланып жаткан бейтаптарга акысыз дары-дармек таратылып берилери айтылган.

Соңку бир күндө өлкөдө COVID-19 дагы 566 адамдан аныкталды. Ооругандардын жалпы саны 16752 адамга жетти. Бул илдеттен 87 бейтап көз жумду.

Мунун алдында өзбек президенти Шавкат Мирзиёев коронавирус пандемиясынын алдын алуу иш-аракеттери начар жүргөнүнө байланыштуу аткаминерлерди сынга алган. Өткөн аптада президент саламаттык сактоо министри менен Ташкент облусунун акимине сөгүш берген.

XS
SM
MD
LG