Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:04

COVID-19: Бир суткада 44 бейтап каза болду, 1108 адам жаңы катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Соңку сутка ичинде Кыргызстандын ооруканаларында коронавирустан 44 адам каза болду. Бул тууралуу 22-июлда Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Кайтыш болгондордун эң көбү Бишкекте – 16. Мындан тышкары Чүй жана Жалал-Абад облустарында жетиден бейтап, Ысык-Көл облусунда төрт, Ош шаарында жана Ош облусунда үчтөн, Талас облусунда эки жана Нарын, Баткен облустарында бирден бейтап каза болду.

Бир суткада бул илдетти жуктуруп алган 1 108 адам жаңы катталды.

Ооруканада дарыланып жаткандардын арасынан 984 бейтап айыгып, бир суткада үйүнө чыкты.

Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери бул инфекция 29 359 адамга жукту, алардын 15 851и айыгып чыкты, 1 123ү каза болду.

17-июлдан тартып Кыргызстан пневмонияны да коронавирус катары каттай баштады.

Өлкөнүн башкы пульмонологу азыр денеси ысып, тумоологондордун баары коронавирус экенин айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG