Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:05

Кыргызстанга жардамга келген орусиялык дарыгерлер Кантка конду


Орусиядан келген аскердик дарыгерлер. 22-июль, 2020-жыл.
Орусиядан келген аскердик дарыгерлер. 22-июль, 2020-жыл.

Коронавируска каршы күрөшүүгө кол кабыш кылуу үчүн аскердик дарыгерлерди Кыргызстанга алып келаткан учак Орусиянын «Кант» авиабазасына конду. Кыргызстанга келген дарыгерлер менен медайымдар алты бригададан турат. Аларда жалпысынан 20 медицина кызматкери бар. Алар өздөрү менен кошо керектүү медициналык жабдууларды жана дары-дармектери ала келди.

Орусиялык дарыгерлердин бул алты бригадасы кыргыз дарыгерлери менен бирге аскердик кызматкерлерге, алардын үй-бүлөлөрүнө жана ардагерлерге жардам көрсөтүшөт. Бригадалардын төртөө Бишкекте, экөө Ошто иш алып барат.

Мурдараак Орусиядан медициналык жабдык, дары-дармек жана дарыгерлер келерин Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги маалымдаган. Бул Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун макулдашуусуна ылайык ишке ашып жатканы кабарланган.

Жардамды Орусиянын Коргоо министрлиги менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнөтүп жатат. Жалпысынан Бишкек жана Ош шаарларындагы бейтапканаларда орусиялык 100 дарыгер иштейт. Алар эпидемиолог, инфекционист адистер жана коронавирус илдетин дарылоодо тажрыйбасы бар.

Буга чейин кыргыз өкмөтү Орусия Кыргызстанга жардам иретинде жасалма дем алдыруучу 31 ИВЛ аппарат, 70 керебеттик монитор, беш көчмө рентген аппарат, алты ультра үн жабдуусун жана медицина кызматкерлери үчүн хирургиялык беткап жибере турганын жарыялаган. (ErN)

XS
SM
MD
LG