Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:10

COVID-19: Ооруканаларда 12 миңден ашуун бейтап жатат, бир күндө миңге жакыны үйүнө чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын ооруканаларында коронавирустан дарыланып жаткан бейтаптардын жалпы саны 12 563 адам. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, алардын 6 238инин анализинен вирус табылган, ал эми калган 6 325инин анализи тастыкталган эмес, бирок клиникалык белгилери же рентген жыйынтыгы боюнча COVID-19 деген диагноз коюлган.

Ооруп жаткандардын эң көбү Бишкекте, Ысык-Көлдө, Ошто жана Чүйдө.

Расмий маалыматка караганда, жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери бул инфекция 29 359 адамга жукту, алардын 15 851и айыгып чыкты, 1 123ү каза болду.

Соңку бир суткада дарыланып жаткандардын арасынан 984 бейтап айыгып, үйүнө чыкты, 1 108 адам жаңы катталды.

Өлкөнүн башкы пульмонологу азыр денеси ысып, тумоологондордун баары коронавирус экенин айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG