Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:11

ИИМ Екатеринбургдагы мигранттардын мушташы тууралуу маалымат берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Екатеринбург шаарында кыргыз жана тажик улутундагы мигранттардын ортосундагы чыңалууга жол берилген жок, окуяга тиешеси барлар кармалды. Бул тууралуу 22-июлда Кыргызстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) кабарлады.

Мекеменин маалымат кызматынын өкүлү Адинай Шаршеева “Азаттыкка” билдиргендей, 19-июлда Екатеринбургда ар бир тараптан 10-15 киши катышкан мушташ болгон жана бул факт полицияда расмий катталган:

“Бул чыр-чатак кыргыз улутундагы кызга тажик улутундагы жаштар тийишип койгондуктан келип чыккан. Алардын көбү Орусиянын жарандары болот. Кыргыз улутундагы улуу адамдардын кийлигишүүсү менен мушташтын күчөп кетишин алдын алууга мүмкүн болгон. Ошондой эле, кыргыздардын жана тажиктердин коомдук диаспоралык уюмдарынын мүчөлөрү менен активисттер дагы тартылган”.

ИИМ ошол эле күнү WhatsApp аркылуу “тажиктер бир кыргызды өлтүрүп коюшту, алардан өч алуу керек” деген жалган маалымат тараганын, эки тараптын тең өкүлдөрү агрессивдүү чакырыктарды жасап, кайрадан 30-40 кыргызстандык жана алардан эки эсе көп сандагы тажикстандыктар чогулганын, бул окуядан эки кыргыз жараны жабыркаганын жана алардын абалы канааттандырарлык экенин кошумчалады.

Мекеме билдиргендей, ошол эле күнү WhatsApp аркылуу “тажиктер эки кыргызды өлтүрүштү” деген маалымат тарап, өч алууга чакырыктар болду, бирок Екатеринбургдун күч түзүмдөрү алдын алуу иштерин жүргүзүп, шектүүлөрдү кармап кетти.

Министрлик мессенжер аркылуу жалган маалыматтарды, анын ичинде улут маселесине байланыштуу чакырыктарды жасагандар кылмыш жазасына тартыларын эскертти.

Соңку эки күндөн бери социалдык түйүндөрдө Екатеринбургдагы окуя тууралуу түрдүү видеолор жана чакырыктар тарап жатат.

“Азаттыктын” тажик кызматы окуя 18 жана 19-июлда болгонун, мушташка жалпысынан 80дей мигрант катышканын, алар жолду тосуп, таш ыргытышканын кабарлады. Екатеринбургдагы тажик диаспорасынын жетекчиси Фаррух Мирзоев кырдаалдан жергиликтүү улутчулдар пайдаланып кетүү коркунучу бар экенин белгилеп, абал азыр жөнгө салынганын айтып берди.

Орусияда Кыргызстандан барган эмгек мигранттарынын саны 1,2 миллионго жакын адам. (RK)

XS
SM
MD
LG