Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:30

COVID-19: Трамп абал начарлап барып жакшыра турганын айтты


Дональд Трамп 11-июлда аскердик госпиталга барганда гана биринчи жолу коомчулукка беткап менен чыккан.
Дональд Трамп 11-июлда аскердик госпиталга барганда гана биринчи жолу коомчулукка беткап менен чыккан.

АКШ президенти Дональд Трамп өлкөдөгү коронавирус пандемиясына байланыштуу "абал жакшыруу алдында начарлайт" деп эскертти.

Ал 21-июлда мындан үч ай мурда токтотуп койгон күнүмдүк брифингдерин кайра жандантты. Анда бардык америкалыктарды социалдык аралыкты сактай албаган учурда беткап тагынууга чакырды. Трамп бул ооруну ооздуктоодо натыйжалуу чара экенин белгилеп, мекенчилдикти далилдей турганын билдирди. Ал айрыкча жаштарды эл көп топтолгон жабык жайларга барбай турууга чакырды.

Трамп өзү буга чейин беткап тагынуудан караманча баш тартып келген. 11-июлда аскердик госпиталга барганда гана биринчи жолу коомчулукка беткап менен чыккан.

Ак үйдүн коронавирус пандемиясына байланыштуу күнүмдүк брифингдерди жандантуу тууралуу чечими соңку бир катар сурамжылоолор Дональд Трамптын рейтгинги төмөндөп баратканын көрсөткөн маалга туш келди.

АКШда президенттик шайлоого үч ай калды жана Трамп анда экинчи мөөнөткө калуу үчүн шайлоого аттанган.

АКШда соңку бир күндө коронавирустан миңден ашуун бейтаптын өмүрү кыйылды жана июль айы үчүн бул эң чоң көрсөткүч болуп калды. Илдеттен көз жумгандар жалпысынан 142 миңден көбөйдү. Оору жуктуруп алгандардын саны 4 миллион адамга жакындап калды.

Дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде ушул тушта оорунун жайылышы басаңдай элек жана мындан улам карантин чараларын кайталап киргизип жатат.

XS
SM
MD
LG