Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-декабрь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 08:49

Бишкек мэриясы пандемия учурунда ажыраган педагогдорунун тизмесин жарыялады


Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарынын билим берүү тармагы коронавирус эпидемиясы башталгандан бери 12 кызматкеринен ажырады. 22-июлда мэриянын расмий сайтына алардын тизмеси жарыяланып, жакындарына көңүл айтылды.

Мекеменин маалыматына караганда, коронавирустан каза болгондор арасында эки директор бар:
• №78 мектептин директору Элнура Музаева;
• №148 бала бакчанын директору Жамиля Токтосунова;
• №55 мектептин директорунун орун басары Камбар Казаков;
• №61 мектептин мугалими Ирина Нефедова;
• №69 мектептин мугалими Айнура Мусаева;
• №64 мектептин мугалими Үкөн Калдымолдоева;
• №9 мектептин мугалими Айзирек Токтосунова;
• №13 мектептин мугалими Айдай Осмонгазиева;
• № 118 бала бакчанын тарбиячысы Ирина Петрова;
• №10 бала бакчанын кызматкери Тынатин Төлөгөнова;
• №22 бала бакчанын кызматкери Айзада Ашырова;
• №164 бала бакчанын кароолчусу Атабек Карыбаев.

Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгы “Азаттыкка” берген маалыматка караганда, борбор калаада 97 мектеп жана 86 бала бакча бар.

Коронавирус эпидемиясына байланыштуу быйыл март айында мектептер карантинге жабылган. Окуу жылы аралыктан жыйынтыкталды. Жаңы окуу жылынын биринчи чейреги да дистанттык негизде өткөнү жатат.

Март айынан бери бул инфекция 29 359 кыргызстандыкка жукту, алардын 15 851и айыгып чыкты, 1 123ү каза болду. Абал өзгөчө Бишкекте оор. (RK)

XS
SM
MD
LG