Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:46

Уланбек Эгизбаевдин көзү өткөнүнө эки жыл болду


Уланбек Эгизбаев жерге коюлган учуру. 2018-жыл.
Уланбек Эгизбаев жерге коюлган учуру. 2018-жыл.

«Азаттыктын» иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаевдин көзү өткөнүнө бүгүн туура эки жыл болду. Бул күнгө байланыштуу анын кичи мекени - Кочкор районунун Көк-Жар айылында куран окутулду.

Иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаев коррупциялык көрүнүштөрдү ашкерелеген «ЖЭБ: 386 млн. доллар кайда короду?», «Бажыдагы уурулук», «Темир жолдогу жемкорлук», «Музейге сарпталган миллиондор», «Мансаптуулардын жер бизнеси», «Саясатташкан мумия» өңдүү ондогон курч видеоиликтөөлөрү менен таанылган.

Көп кырдуу таланттын кыска өмүрүндө калтырып кеткен эмгектери – жемкордукту, мыйзамсыздыкты ашкерелеген видео иликтөөлөрү, даректүү тасмалары, фотобаяндары кагазга түшүрүлүп, «Чындык деп жанган өмүр» ("В поисках правды") деген аталышта кыргыз жана орус тилдеринде китеп болуп басылып чыккан. Китеп «Азаттык Медиа» мекемесинин демилгеси жана «Сорос - Кыргызстан» фондунун каржылык колдоосу менен жарык көрдү.

Уланбек Эгизбаевдин ишин улантуу максатында түзүлгөн Журналисттик иликтөөлөр фонду бүгүн иликтөө журналистикасын өнүктүрүү, коомдогу коррупциялык жана мыйзамсыз көрүнүштөрдү ашкере кылган демилгелерди колдоо жаатында иштеп жатат. Уюм негиздеген "Уланбек Эгизбаев атындагы" сыйлык жыл сайын Эгизбаевдин туулган күнү - 12-февралда мыкты иликтөөчү журналистке ыйгарылып келатат.

Ошондой эле иликтөөчү журналист билим алган Көк-Жар орто мектебинин кыргыз тилин мыкты окуган эки бүтүрүүчүсүнө ар окуу жылдын соңунда "Уланбек Эгизбаев атындагы" стипендия демөөрчүлөрдүн атынан тапшырылып келатат.

Бишкек шаарынын Ак-Ордо жаңы конушунун жашоочуларынын демилгеси менен бир көчөгө Уланбек Эгизбаевдин ысымы ыйгарылган.

Президент Сооронбай Жээбековдун жарлыгы менен Уланбек Эгизбаевге көзү өткөндөн кийин "Эрдик" медалы ыйгарылган.

Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдө 28 жашында каза болгон. Ички иштер министрлиги соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, журналист сууга чөгүп каза болгонун билдирген. (ErN)

XS
SM
MD
LG