Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:15

Ереван Бакуну чек арада чабуулду кайра баштаганы үчүн күнөөлөдү


Түштүк Кавказдагы эки коңшу мамлекет соңку жагдай боюнча бири-бирин күнөөлөп жатат.
Түштүк Кавказдагы эки коңшу мамлекет соңку жагдай боюнча бири-бирин күнөөлөп жатат.

Армениянын Коргоо министрлиги азери аскерлери 21-июлда түндө чек арадагы Тавуш аймагындагы "Анвах" бекетин аткылаганын билдирди.

Мекеме тараткан билдирүүдө "Армениянын куралдуу күчтөрү душмандын мизин кайтарды, алар олуттуу жоготууга учурады, Ереван жактан жоготуу болгон жок"деп айтылат.

Азербайжан мындай маалыматты төгүндөдү. Өлкөнүн Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Вагиф Даргали Тавуш аймагындагы чек арада абал чыңалып турганы менен туруктуу экенин маалымдады.

Азери-армян чек арасындагы Тавуш районундагы кырдаал 12-июлда курчуп кеткен. Түштүк Кавказдагы эки коңшу мамлекет соңку жагдай боюнча бири-бирин күнөөлөп жатат.

Бир канча күнгө уланган кагылышта эки тараптан 16 адам каза тапканы айтылган. Баку армиянын генералы, полковниги баштаган 11 аскерин жоготуп, Ереван төрт жоокеринен айрылган.

Бириккен улуттар уюму баштаган эл аралык уюмдар, АКШ, Орусия өңдүү мамлекеттер тараптарды ачууга алдырбоого, ок атышпоо тууралуу макулдашууларды сактоого чакырышты.

Түштүк Каваказдагы эки коңшу өлкө буга чейин Тоолуу Карабактан улам жаңжалдашып келген. Соңку чек ара жаңжалы Тоолуу Карабактан алыс аймакта орун алды жана буга чейин мындай окуялар сейрек катталчу.

XS
SM
MD
LG