Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:55

Аляска жарым аралында жер катуу силкинди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Күчү 7,8 баллга жеткен жер силкинүү болгон жерден 300 чакырым алыстыктагы аймакта цунами болду.

АКШнын Геологиялык кызматы зилзаланын очогу Аляска штатындагы Анкориж шаарынын түштүк-чыгышынан 800 чакырым алыстыкта, 12 чакырым тереңдикте жайгашканын билдирди. Азырынча жабыркагандар жана кырсыктын кесепети тууралуу маалымат бериле элек.

Цунаминин алдын алуу боюнча Тынч океан борбору "Жер титирөөнүн алгачкы мүнөздөмөлөргө ылайык, зилзаланын очогунан 300 чакырым алыстыктагы жээктерде суу ташкындашы мүмкүн" деп билдирди.

Аляска сеймологиялык жактан опурталдуу аймакта жайгашкан. Бул жерде 1964-жылы күчү 9,2 баллга жеткен жер титирөө болгон жана ал Түндүк Америкадагы эң күчтүү зилзала катары тарыхта калган. Табыгый кырсыктын кесепетинен 250 адам мерт болгон .

XS
SM
MD
LG