Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:29

Эпидемияга каршы адистерди даярдоого көбүрөөк квота бөлүү маселеси каралууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан эпидемия шартында иштей ала турган атайын дарыгерлерди мамлекеттин эсебинен көбүрөөк даярдоого көңүл бурат. Бул тууралуу 22-июлда президент Сооронбай Жээнбеков билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков менен өткөргөн онлайн кеңешмеде айтылды.

Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, министр Исаков азыркы тапта Саламаттык сактоо министрлиги менен бирге кээ бир багыттар боюнча клиникалык ординаторлорду бюджеттик квотанын незизде даярдоо маселеси талкууланып жатат. Эпидемиолог, инфекционист, вирусолог жана пульмонолог адистиктерине негизги көңүл бурулары айтылды.

Жолугушууда аралыктан жыйынтыкталган окуу жылы жана ушундай эле тартипте башталганы жаткан жаңы окуу жылына карата даярдык да талкууланды.

Министр быйыл жогорку жана орто окуу жайларына кабыл алуу өнөктүгү толугу бойдон онлайн форматта жүргүзүлүп жатканын, август айынан тартып мугалимдерди аралыктан иштөөгө үйрөтө турган вебинарлар өтө баштарын айтып берди.

Президент Жээнбеков оорунун жайылышы билим берүү процессине терс таасирин тийгизбеши керектигин, өлкөнүн негизги байлыгы адамдар экенин айтып, пандемия шартында билим берүү тармагын санариптештирүүнүн актуалдуулугу жогорулаганын белгиледи.

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы март айында башталган. Ошондон бери бул илдет 30 миңге жакын адамга жукту, алардын миңден ашууну каза болду.

Жугуштуу оору жайылган учурда иштей турган атайын дарыгерлер жана жалпы эле медицина кызматкерлери жетишсиз болуп жатканын өкмөт бир нече жолу айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG