Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-октябрь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 07:55

Орусияда тарыхчы Юрий Дмитриев 3,5 жылга кесилди


Юрий Дмитриев.

Орусиянын Петрозаводск шаардык соту карелиялык тарыхчы, "Мемориал" укук коргоо уюмунун бул аймактагы башчысы Юрий Дмитриевди жыныстык мүнөздөгү кылмышка күнөөлүү деп таап, 3,5 жылга эркинен ажыратты. Прокурорлор сотто аны 15 жылга түрмөгө кесүү тууралуу өтүнүч келтиришкен эле. Тарыхчынын тергөө абагында отурган күндөрү эсептелгенден кийин ал ушул жылдын ноябрь айында эркиндикке чыгат.

Дмитриевге бакма кызына "жыныстык кордук көрсөткөн" деген айып коюлган. Тарыхчы менен анын жактоочулары муну саясий өңүттө козголгон кылмыш иши деп эсептешет. Ал Москвадагы Сахаров борборунда ГУЛАГды иликтеген.

Орусиялык белгилүү интеллигенция өкүлдөрү жана советтик диссиденттер аны колдоп чыгышкан.

Юрий Дмитриев алгач 2016-жылы камакка алынган. Жергиликтүү сот 2018-жылы аны актаган, бирок ал чечимди Карелиянын Жогорку соту жокко чыгарып, ишти кайра тергөөгө жөнөткөн. Тарыхчы былтыр июнда кайрадан камакка алынган.

XS
SM
MD
LG