Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:49

Умаровдун Чеченстандагы туугандары анын өлүмүнө тиешеси барын айтышты


Мамихан Умаров.
Мамихан Умаров.

Австрияда киши колдуу болгон чеченстандык бозгун, блогер Мамихан Умаровдун Чеченстандагы туугандары атайын видео кайрылуу таратты. Анда алар Умаровдун өлүмүнө тиешеси бар экенин айтышып, маркумду күнөөлөштү.

"Мамихан Умаров биздин тукумубуздан чыккан, Европада жашаган. Аны жайламайынча өзүбүздү көрсөтүү мүмкүнчүлүгүбүз болгон эмес. Биз аны менен байланышып, токтотууга аракет кылдык. Биз ага токтот, андай кылба дедик. Ал Европанын атайын кызматтары жанын койбосун, алардын көрсөтмөсү менен айтып турушу керектигин билдирди", - деди видеодогу туугандарынын бири. Алар ошондой эле элге, Чеченстандын башчысына кайрылып, кечирим сурашты.

Муну алдында Умаровдун жесири Зарема күйөөсүнүн өлүмүнө чечен бийлигинин тиешеси бар экенин айткан.

Умаров Вена шаарынан анча алыс эмес жердеги Герасдорф шаарында ушул айдын башында башына ок тийип каза болгон. Ал буга чейин чечен лидери Рамзан Кадыровду бир канча жолу ачык сындаган жана «Европадагы мурунку чечен жикчилдерине кол салгандардын артында Орусиянын атайын күчтөрү турат» деген мазмундагы билдирүүлөрдү жасаган.

Чечен бозгуну Австрияда Бек Мартин деген ысым менен 2005-жылдан бери жашап жаткан жана бул өлкөнүн паспортун алган. Австрияга келе электе Чеченстандагы шарият боюнча мамлекеттик коопсуздук министрлигинде тергөөчү болуп иштечү.

Австриянын полициясы Умаровдун киши колдуу болушунун башкы себептеринин бири катары бул кылмыштын саясий өңүтүн иликтеп жатканын билдирген. Бул окуядан улам эки киши колго түшкөнү, алар да чеченстандыктар экени кабарланган. Жергиликтүү полиция Умаровдун көзүнүн тирүүсүндө аны коргоого алуу сунушталганын, бирок ал баш тартканын билдирди.

XS
SM
MD
LG