Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:29

Мурдагы элчи Кылычбек Султан УКМКга чакырылды


Кылычбек Султан.
Кылычбек Султан.

Кыргызстандын Малайзиядагы, Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) күбө катары суракка чакырылганын “Азаттыкка” билдирди.

“Күбө катары турат чакырууда. Акыркы убакта “Фейсбук” баракчамда бийликтин шалаакылыгы, адам өмүрүн сактап калуудагы аракетинин начардыгы тууралуу жазгандарым үчүн чакырды окшойт”, - деди ал.

Кылычбек Султан атайын кызматка 23-июлда жактоочусу менен саат 11де бараарын кошумчалады. УКМКдан мурдагы элчи эмнеге чакырылганы жөнүндө маалымат алууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Кылычбек Султан 2018-жылдын декабрында Түштүк Кореяда элчи болуп турган кезинде элчиликтерде коррупциялык иштер бар экенин жарыялаган. Ал терс көрүнүштөр тууралуу Тышкы иштер министрлигине, УКМКга, президенттик аппаратка жазган каттарына жооп болбогондуктан, президентке ачык кайрылганын айткан. Ошондон кийин Султанов, мурдагы тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев кызматтан алынган.(TSh)

XS
SM
MD
LG