Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:50

COVID-19: Бир күндө ооруканадан 1031 бейтап чыкты, 967 адам жаңы катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда соңку бир суткада коронавирус деген диагноз менен 967 адам жаңы катталды. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, алардын 238инин лабораториялык анализинен COVID-19 табылды, ал эми 729уна мындай диагноз оорунун белгилерине жана рентген жыйынтыгына жараша коюлду.

Жаңы катталгандардын эң көбү Бишкекте – 202 адам. Жалал-Абад облусунда 157, Ысык-Көл облусунда 138, Ош облусунда 136, Ош шаарында 100, Чүй облусунда 94, Баткен облусунда 63, Нарын облусунда 41 жана Талас облусунда 36 адам.

Ушу тапта ооруканаларда 13 201 бейтап жатат.

Ооруканада дарыланып жаткандардын арасынан 1 031 бейтап айыгып, бир суткада үйүнө чыкты.

Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери бул инфекция 30 326 адамга жукту, алардын 16 791и айыгып чыкты, 1 169у каза болду.

Өлкөнүн башкы пульмонологу азыр денеси ысып, тумоологондордун баары коронавирус экенин айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG