Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:23

Жалал-Абадда энергетиктер үчүн күндүзгү стационар иштей баштады


Жалал-Абад шаары. Энергетиктер үчүн ачылган стационар.
Жалал-Абад шаары. Энергетиктер үчүн ачылган стационар.

Жалал-Абад облусундагы ири ишканалардын бири саналган "Жалал-Абад электро" ишканасы өзүнүн кызматкерлери үчүн 10 орундуу күндүзгү стационар уюштурду. Ишкананын башкы директору Дурусбек Рахманов "Азаттыкка" билдиргендей, энергетиктер күн сайын ишкананын жыйындар залында ачылган жайга таңкы саат 8:00ден кечки 20:00го чейин келип дарыланып кетсе болот.

"Жалал-Абад электро" өздөрү ачкан стационарга эки, ошондой эле шаардык ооруканага үч даана кычкылтек концентраторун алып берди.

Облус аймагында учурда 141 жерде күндүзгү стационарлар иштеп, 2300 орундук даярдалган.

23-июлдагы статистика боюнча өлкө аймактарында бир суткада бул илдетти жуктуруп алган 967 адам жаңы катталды. Алардын 157си Жалал-Абад облусунда аныкталды. (RsK)

XS
SM
MD
LG