Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:37

УКМК: Атамбаевдин саламаттыгы жайында


Алмазбек Атамбаев. Архивдик сүрөт.
Алмазбек Атамбаев. Архивдик сүрөт.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев дарыгерлердин үзгүлтүксүз байкоосунда турат жана анын саламаттыгы жайында. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Мекемеден ырасташкандай, Атамбаев өзү ден соолугуна байланыштуу даттанган эмес, кан басымынын төмөндөөсү байкалган жок. Мурдагы мамлекет башчы камактын шартына да арызданган жок.

Атайын кызмат ошондой эле айыпталуучу менен адвокаттар тынымсыз жолугуп жатканын жана жакындары менен кездешүүгө да тыюу салынбаганын маалмдады.

Мунун алдында мурдагы президенттин адвокаты Замир Жоошев Алмазбек Атамбаев менен жолугуп чыкканын, анын кан басымы түшүп кеткенин жана кыйналып жатканын жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирген.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев 30-июнда эки тараптуу пневмонияга чалдыгып, абактан президенттин иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасына которулган. Бир сыйра дарылануудан кийин 9-июлда кайра УКМКнын тергөө абагына жеткирилген.

Бүгүн, 23-июлда "Батукаевдин иши" экинчи инстанцияда - Бишкек шаардык сотунда каралмак. Азырынча анын башталган-башталбаганы тактала элек.

23-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов "Батукаевдин иши" боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 11 жыл эки айга кесүү жана өзүн, жакындарын мүлктөрүнөн ажыратуу боюнча өкүм чыгарган.

Кримтөбөл Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши 2019-жылдын январында кайра иликтенип, сотко ошол жылдын октябрында өткөн.

Атамбаев былтыр Кой-Таштагы операцияда кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалган.

Атамбаев жана анын тарапкерлери бардык айыптарды жасалма деп, саясий куугунтук катары баалап келатышат. (ErN)

XS
SM
MD
LG