Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 03:37

ИИМ: Мигрант кыздарга карата зомбулукка үндөгөн эки адам аныкталды


Кыргызстандык мигрант кыздарды жазалоого чакырган видео. Сүрөт интернеттен алынды.

Милиция Москвада Орусиядагы кыргызстандык мигрант кыздарга карата зомбулукка чакырган эки адамды аныктап, аларга эскертүү берди. Бул тууралуу 23-июлда Ички иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалымат кызматынын өкүлү Адинай Шаршееванын айтымында, Орусиянын Ички иштер министрлигинин Экстремизмге каршы башкармалыгынын кызматкерлери менен бирге көрүлгөн аракеттин натыйжасында мыйзамга каршы чакырык жасагандар табылып, алар Чүй облусунун 28 жана 24 жаштагы тургундары экени аныкталды:

"ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү интернет булактарындагы жана социалдык тармактардагы жайылып жаткан маалыматтарды көзөмөлдөп келет. Эгерде укукка жат контент табылган болсо, Орусиянын укук коргоо органдары менен биргеликте тиешелүү чаралар көрүлөт".

Аныкталган эки жаран кыргыз милициясынын Орусиядагы өкүлчүлүгүнө чакыртылып, түшүндүрүү мүнөзүндөгү маектешүү жүргүзүлдү. Такталбаган жана укукка каршы маалымат тараткандарга карата кылмыш жоопкерчилиги каралганы тууралуу эскертүү берилди.

21-июлда Интернетте Москвадагы кыргызстандык мигрант балдар топтолуп, кыргыз кыздар башка улуттун өкүлдөрү менен жүргөнүн көрүп калышса аларга карата күч колдонууга чакырган видео тараган.

Кыргызстандык укук коргоочулар жана активисттер ар бир адам өз жашоосу үчүн жеке өзү гана жооптуу экенин айтып, зомбулукка үндөгөн ошол мигранттарды таап жазалоону талап кылышкан.

Орусияда кыргызстандык эмгек мигранттарынын саны 1,2 миллионго жакын экенин былтыр элчилик маалымдаган болчу. Алардын көбү тейлөө, курулуш тармагында эмгектенишет. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (10)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG