Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:32

Хабаровск шаарындагы акцияда Путиндин отставкасын талап кылышты


Хабаровск шаары. 22-июль, 2020-жыл
Хабаровск шаары. 22-июль, 2020-жыл

Шаршембиде Орусиянын Хабаровск шаарында он экинчи күн катары менен аймактын губернатору Сергей Фургалдын камалышына каршы акция өттү. Бул жолу көчөгө чыгып, мурдагы жетекчини жактагандар президент Владимир Путиндин отставкасын талап кылышты. Шаардын борборуна чогулгандар “Путин кетсин!”, “20 жыл – ишеним жок!” деген ураандарды чакырып турушту. Маалыматтага караганда, полиция акциягв кийлигишкен жок. Көчө жүрүшүн уюштурган демонстранттар Хабаровск крайынын жетекчисинин милдетин аткаруучу кылып Михаил Дегтяревдун дайындалышына каршылык билдирип жатышты.

Дегтярев шаарга 21-июлда эртең менен барып, бирок нааразылык акциясына чыккандар менен жолуккан жок. "Инстаграммдагы" баракчасына Москвага кетпей турганын билдирип, Фургалга сот алдында ийгилик каалады.

Мурдагы губернатордун жактоочулары анын кылмыш ишинин артында саясат турганын айтышууда.

XS
SM
MD
LG