Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:31

Кытай Марска пилотсуз миссиясын жөнөттү

Вэньчан космодрому, 23-июль 2020-жыл
Вэньчан космодрому, 23-июль 2020-жыл

Кытай өзүнүн биринчи планета аралык станциясын Марска учурду. "Тяньвэнь-1" жабдыгы "Кызыл планетага" эмки жылдын 11-февралында жетет деп пландалууда. Бул тууралуу Кытайдын мамлекеттик "Синхуа" агенттиги кабарлады. "Чанчжэн-5" ракета ташуучу Хайнандагы Вэнчан космодромунан 23-июлда эртең менен старт алды жана 36 мүнөттөн кийин орбитага чыкты.

"Тяньвэнь-1" Марстан тышкары Айга, Юпитерге жана астероиддерге чейин учууга кудуреттүү кылып курулган. Анын курамында орбиталдык аппарат менен конуучу платформа бар.

20-июлда Бириккен Араб Эмираттары да "Кызыл планетага" космос жабдыгын жөнөткөн.

XS
SM
MD
LG