Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:03

Кытай Кыргызстанга мобилдик оорукана белек кылат


Бишкектеги мектептин спортзалында жайгашкан күндүзгү стационардагы дарылоонун жүрүшү. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектеги мектептин спортзалында жайгашкан күндүзгү стационардагы дарылоонун жүрүшү. Иллюстрациялык сүрөт.

Кытай Эл Республикасы Кыргызстанга гранттык негизде мобилдик госпиталь белек кыла турган болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Экономика министрлиги кабарлады.

Экономика министри Санжар Муканбетов менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэндин 20-июлдагы видео сүйлөшүүсүндө бул боюнча долбоорду тездетүү маселеси талкууланган.

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы башталгандан бери саламаттык сактоо тармагындагы бир катар адистер жана жарандык активисттер сырттан келген акчага оорукана куруу керектигин айтып, өкмөттүн жаздан берки аракеттерин сындап келатышат.

Премьер-министр Кубатбек Боронов 21-июлдагы онлайн брифингде "Кээ бир мамлекеттер тез аранын ичинде 1000 орундуу оорукана салды. Аны көрүп турдук. Бирок мамлекетибиздин абалына жараша биз өз жолубуз менен баралы дедик. Бүгүнкү күндө "Семетей" обсервациясын заманбап госпиталга айланттык" деп билдирген. Мунун алдында ал Бишкек менен Ошто 100 орундуу эки оорукана куруларын кошумчалаган.

10-июлда вице-премьер-министр Эркин Асрандиев Кыргызстан пандемия шартында эл аралык донорлордон 627 млн. доллар аларын маалымдаган. Мунун ичинен 321 млн. доллары буга чейин алынды. Калганы күтүлүп жатат. Жалпы 627 млн. доллардын 26% грант түрүндө берилет. Бул 166 млн. долларга жакын акча. Калганы жеңилдетилген насыя түрүндө 10 жылдан 20 жылга чейинки мөөнөткө алынат. (ErN)

XS
SM
MD
LG