Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:18

ЖАМК: Илмиянов комиссиянын чечими менен № 26 жатак абакка которулду


Икрамжан Илмиянов сот жараянында отурган кези. 30-октябрь, 2019-жыл.
Икрамжан Илмиянов сот жараянында отурган кези. 30-октябрь, 2019-жыл.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун жатак абакка которулганын ырастады.

Мекеме ырастагандай, Октябрь райондук соту кабыл алган чечим 19-июлда күчүнө кирген. Соттун чечиминин негизинде айыпталуучуну которуу тууралуу ЖАМКнын комиссиясы чечимди кайсы күнү кабыл алганы билдирмеде такталган эмес.

ЖАМК атайын комиссиясынын чечими менен Икрамжан Илмиянов жазасынын калган мөөнөтүн өтөө үчүн Молдовановка айылындагы №26 жатак-абакка жөнөтүлгөн.

Аталган кызмат Жазык кодексинин 88-беренесине ылайык, оор кылмыш үчүн соттолуп, чыгымдын жарымынан көбүнүнүн ордун толуктаган, жаза өтөө мөөнөтүндө ыктыярдуу эмгек кылган айыпкердин жазасынын мөөнөтү төрттөн үч бөлүгү кыскартыларын кошумчалады. Натыйжада анын калган жазасы 1 жыл 4 ай 14 күн деп саналган.

Илмияновдун №47 түрмөдөн жатак абакка которулганы 22-июлда айтылган. Ал күнү анын адвокаты Кубанычбек Ташбалтаев мындай чечимден кабары жок экенин айтса, ЖАМК тактагандан кийин маалымат берерин билдирген.

2019-жылы 30-октябрда Бишкектин Октябрь райондук соту Икрамжан Илмияновду жети жылга кесип, 1600 эсептик көрсөткүчтө (160 миң сомдун тегереги) айып салуу, үй-мүлкүн конфискациялоо өкүмүн чыгарган. Ал Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү («Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык») менен күнөөлүү деп табылган. Илмиянов акыркы сөзүн сүйлөгөндө күнөөсү далилденбегенин айткан.

Быйыл 19-июнда бул ишти Бишкек шаардык соту карап, анын жаза мөөнөтүн 1 жыл 6 айга кыскарткан болчу. Мунун жыйынтыгында Икрамжан Илмияновдун жазасы 5 жыл 6 айды түзүп калган.

2018-жылдан бери убактылуу кармоочу жайда олтурган ар бир күнү эки күндөн эсептелет. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү адамдарынын бири катары аты чыккан Икрамжан Илмиянов 2018-жылдын 20-октябрында Орусиядан кармалып, Кыргызстанга жеткирилгенин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекетик комитет (УКМК) кабарлаган.

Башкы прокуратура ага карата «жеке компаниялардын биринен 150 миң доллар акча алган» деген айып койгон. (ErN/BkA)

XS
SM
MD
LG