Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Август, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 07:18

COVID-19: Маркумдардын сөөгү алмашып кеткени тууралуу маалымат текшерилип жатат


Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлиги коронавирустан каза болгон адамдын сөөгүнүн ордуна жакындарына башка кишинин сөөгү берилип калганы жөнүндөгү маалыматты териштире баштады. Бул тууралуу министрлик “Азаттык” радиосуна 22-июлда билдирди.

Чоң атасынын сөөгүнүн ордуна башка бирөөнүкү келгенин “Азаттыкка” Бишкек шаарынын тургуну Айдай Иргебаева айтып берип, маркумду атайын кепинге салар алдында жүзүн жакындарына бир көрсөтүшсө туура болот эле деген сунушун билдирген:

“Чоочун кишинин сөөгүн кайра жеткирип берип, чоң атамдын сөөгүн алып келүүгө жетишип калдык. Медиктерге эч кандай даттануубуз жок. Алар чоң атамды сактап калуу үчүн колунан келген аракетин жасашты. Саламаттык сактоо министрлигине да эч нааразылыгыбыз жок. Болгону, бир өтүнүч, жакындарына сөөктү алып кетерде бир каратууга уруксат беришсе”.

Иргебаеванын айтымында, чоң атасынын сөөгүн өлүкканадан эмес, дарыланып жатып каза болгон ооруканадан алып кетишкен.

Коронавирустан каза болгондор сөзсүз өлүкканага текшерүүгө жөнөтүлүшү керектиги тууралуу буйрук бар экенин Паталогоанатомиялык өлүккананын жетекчилиги журналисттерге билдирген.

Коронавируска чалдыккандар адегенде инфекциялык ооруканага гана жаткырылчу, кийин башка да медициналык жайлар кабыл ала баштады. Ооруканада орун жетишсиз болгондуктан, Бишкек шаарынын бийлиги күндүзгү стационарларды ачкан. 4-июлдан бери ал жайларда тогуз бейтап үзүлгөнү расмий айтылган.(RK)

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG