Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:12

Германияда нацисттик концлагердин мурунку күзөтчүсү соттолду


Бруно Дей сотто. Гамбург. 23-июль, 2020-жыл
Бруно Дей сотто. Гамбург. 23-июль, 2020-жыл

Экинчи Дүйнөлүк согуш маалында нацисттердин концлагеринде күзөтчү болуп иштеген 93 жаштагы Бруно Дейге адам өлтүрүүгө катышканы үчүн айып тагылып, эки жылга шарттуу кесилди. Гамбург шаарынын соту тогуз айга созулган процесстен кийин бейшембиде ушундай өкүм чыгарды.

Дей Польшанын Данциг же азыркы Гданьск шаарынын жанындагы Штуттхоф концлагеринде кызмат өтөгөнүн моюнга алган. Ага 5 миң 232 эпизод боюнча айып тагылды. Дал ушунча адам 1944-45-жылдары Штуттхоф лагеринде кырылган. Азыр майыптардын арабысы менен жүргөн Дей кылмыш кылган маалда 17 жашта болгондуктан, анын ишин жашы жете электердин соту карады. Адвокаттары Дейди бошотууну соттон сурашкан.

Ал өткөн аптада акыркы сөзүн сүйлөгөндө жабыркагандардан кечирим сурап, аны лагерде иштөөгө мажбурлашканын айтты.

XS
SM
MD
LG