Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:01

Акыйкатчы: Кимсановдун сабалышына жол берген абактын кызматкерлери жоопко тартылыш керек


Эмилбек Кимсановдун абакта сабалганы тууралуу адвокаты тараткан сүрөтү. Апрель, 2020-жыл.
Эмилбек Кимсановдун абакта сабалганы тууралуу адвокаты тараткан сүрөтү. Апрель, 2020-жыл.

Кыргызстандын Акыйкатчысы Токон Мамытовдун тапшырмасы менен Акыйкатчы аппаратынын тармактык бөлүмүнүн кызматкерлери Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) №50 тергөө абагында жаткан Эмилбек Кимсановдун сабалышы боюнча иликтөө жүргүздү.

Кимсанов бул жакка которулуп келгенге чейин, №1 тергөө абагында сабалганы тууралуу Акыйкатчы менен жеке жолугушууда даттанган.

Кимсанов өзү абактын кызматкерлери тепкилешкенин билдирсе, ЖАМКтын өкүлдөрү түрмөдөгү соттолуучулар сабаганын адвокат Назгүл Сүйүнбаевага айтышкан.

Акыйкатчынын аппараты тараткан билдирмеде, «анда Эмилбек Кимсанов кармалган жабык камерага камактагы башка кишилер кантип кирди?» деген суроо коюлат. Ошол себептүү мекеме ал олтурган жайга бөтөндөрдү киргизгендиги үчүн №1 тергөө абагынын кызматкерлери жана жетекчилиги жоопко тартылышы керектигин белгилеген.

Акыйкатчы институту жаза аткаруу кызматына караштуу жайлардагы мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөгөн атайын прокурорду бул фактыны көзөмөлгө алып, чара көрүүсүн талап кылды.

16-июнда интернетте тергөө абагында отурган Эмилбек Кимсановдун сабалганы тууралуу маалымат видеотасма менен кошо жарыяланган. Жабык жайлардагы мыйзамдуулукту көзөмөлдөгөн прокуратура бул маалыматты иликтөөнү ЖАМКга тапшырган.

17-июнда Кимсанов арыз жазып, 4-апрелде аны №1 тергөө абагынын кызматкерлери денесин көгала кылып, себепсиз сабаганын билдирген. Ал арызы ошол эле күнү Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Кылмыш кодексинин 321-беренеси («Бийлигинен аша чабуу») боюнча иши козголуп, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кароосуна өткөрүлүп берилген. Учурда иш УКМКнын тергөө башкармалыгынын кароосунда

Мурдагы бажы кызматкери Эмилбек Кимсановдун бир нече жолу ур-токмокко алынганын анын адвокаты Назгүл Сүйүнбаева маалымдаган. Кимсанов №1 тергөө абагынан №50 абакка 3-апрелде которулган.

Эмилбек ​Кимсанов дагы бир бажы кызматкери Автандил Конгантиевдин арызынын негизинде быйыл февралда Орусиядан кылмышка шектүү катары кармалып келген. Жубайы Мария Заворотняя күйөөсү 10-апрелде сабалганын билдирип, Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов аны кылмыштуу ишке түрткөнүн айткан видеосун Интернетке жарыялаган.

Райымбек Матраимов өз дарегине айтылгандарга комментарий бере элек. Агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов муну «ойдон чыгарылган фантазия» деп баалаган.

Кимсановдун Ош облусуна караштуу Алай районунда жашаган туугандары буга чейин президент Сооронбай Жээнбековго эки жолу кайрылышкан. (ErN)

XS
SM
MD
LG