Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:58

БШК административдик соттун КСДП боюнча чечимине каршы Жогорку сотко даттанды


Кыргызстан социал-демократиялык партиясын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары менен Сагынбек Абдрахманов талашып келет. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстан социал-демократиялык партиясын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары менен Сагынбек Абдрахманов талашып келет. Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Сагынбек Абдрахманов жетектеген Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын пайдасына карата чыгарган Бишкек административдик сотунун чечими боюнча Жогорку сотко арыз жазды. Бул тууралуу «Азаттыкка» БШКнын басма сөз катчысы Руслан Изреков билдирди.

Ал белгилегендей, шайлоо мыйзамдарына ылайык саясий жарыштын алдындагы соттук талашуулар боюнча даттануу дароо эң жогорку инстанцияга жөнөтүлүшү керек. БШКнын кийинки кадамы Жогорку соттун чечимине жараша кабыл алынат.

13-июлда Борбордук шайлоо комиссиясы Абдрахманов жетектеген «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» (КСДП) саясий партиясынын парламенттик шайлоого карата өкүлдөрүн каттоодон баш тарткан. Буга ушул эле күнү аталган партиянын лидери деп мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тааныган тараптан да арыз келгени себеп болгон.

Боршайкомдун төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов эки тараптын соттук териштирүүлөрү аягына чыга элек болгондуктан, бул партиядан өкүлдөрдү каттабай туруу чечими кабыл алынган.

Ошондон кийин Сагынбек Абдрахманов Бишкектин административдик сотуна арыз жазган. Ишти караган сот 20-июлда БШКны Сагынбек Абдрахманов жетектеген КСДПны каттоого милдеттендирген.

Атамбаев түптөгөн КСДП 2019-жылы экиге бөлүнүп, анын бирин «Атамбаевсиз КСДП» саясий кыймылынын жетекчиси Сагынбек Абдрахманов, ал эми Атамбаевди жактаган тарапты Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова убактылуу жетектеп келди. Бул кызматты ал быйыл 27-майда ЖК депутаты Анвар Артыковго өткөрүп берген. Атамбаев баштаган бир топ адамдар Кой-Таш окуясы үчүн айыпталып, соттолууда.

Кезектеги парламенттик шайлоо быйыл 4-октябрда өтөт. Ага катышуу ниетин 44 партия билдирди. БШК азыр алардын документтерин текшерип, анын жыйынтыгына жараша ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоого алып жатат. (ErN)

XS
SM
MD
LG