Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:46

Казакстандын Түркстан облусундагы жаңжалдан бир нече киши жаракат алды


Интернетке тараган видеодон алынган скриншот.
Интернетке тараган видеодон алынган скриншот.

Түркстан облусундагы Шорнак айылында жергиликтүү тургундар ортосунда мушташ чыгып, үч киши жаракат алды. Алардын биринин абалы оор деп бааланууда. Бул тууралуу “Азаттык” радиосунун казак кызматына жергиликтүү саламаттык сактоо башкармалыгынан кабарлашты. Полиция окуяга байланыштуу төрт киши кармалып, териштирүү башталганын маалымдады.

Түркстан облустук полиция департаментинин маалыматына караганда, алгач Шорнак айылынын эки жашоочусу чатакташа кеткен. Көп өтпөй белгисиз адамдар келип, алардын биринин үйүнө жана коңшу жайгашкан үйлөргө таш ыргытышкан. Жыйынтыгында үч киши жана окуя болгон жерге барган аймактык тескөөчү жаракат алган.

Социалдык тармактарда мушташ казак жана өзбек тектүү тургундардын ортосунда болгонун жазып жатышат. 11 миңден ашуун тургуну бар Шорнак айылында негизинен казак жана өзбек улутундагылар жашайт. Полиция окуянын улут аралык жаңжал экенин четке какты. Интернетте жарыяланган видеодо мектепке окшош имараттын жанында турган адамдарды, бети жана көйнөгү кан болгон полиция кызматкерин көрүүгө болот.

XS
SM
MD
LG