Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:56

АКШ: Орусия спутникке каршы курал сынады


Кошмо Штаттардын жана Британиянын аскердик мекемелери “Москва космосто спутникке каршы куралды сыноодон өткөрдү” деген билдирүү жасашты.

15-июлда Орусиянын Коргоо министрлиги жаңы спутник-инспекторду сыноодон өткөрүү тынчтык максатында болгонун билдирди. Американын маалыматына ылайык, аппарат орусиялык башка спутник менен кошо учурулган. Пентагон мындай аракет Орусия тарап билдирген спутник-инспектордун миссиясына туура келбейт деп эсептейт. Пентагондун божомолунда Орусия космостук системада базасын иштеп чыгып жана сынап жатышы мүмкүн.

Британия Орусия бир спутнигинен экинчисине снаряд кое бергенин, анын сыныктары башка мамлекеттин космостук системасына жана спутникке коркунуч жаратышы мүмкүн деп билдирди. Лондон Москваны мындан кийин ушул сыяктуу сыноолорду токтотууга чакырды.

ВВС акыркы он жылдыкта Орусия, АКШ, Кытай жана Индия мамлекеттери спутникке каршы системаны демонстрация кылышканын белгилейт. Космостук аппараттарды маалымат чогултуу, байланыш жана радиолокация катары пайдаланууга боло турганын эске алганда, мындай куралга дүйнө жүзүндө кызыгуу күч алды.

Орусиянын Коргоо министрлиги АКШ менен Британиянын билдирүүсүнө жооп бере элек. Ага чейин Москва космостогу иштер эл аралык нормаларга шайкеш өтүп жатканын билдирген. (TSh)

XS
SM
MD
LG