Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:18

Адвокат: Укук коргоочу Рузиевдин иши боюнча арыздарыбыз жоопсуз калууда


Камилжан Рузиев.
Камилжан Рузиев.

Караколдук укук коргоочу Камилжан Рузиевге карата козголгон иш мыйзамга каршы келери тууралуу арыздарга прокуратура органдарынан жооп боло элек. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Рузиевдин адвокаты Чынара Жакупбекова билдирди.

Анын айтымында, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) документ жасалмалоо тууралуу иштерди кароого юридикалык укугу жок болчу жана бул иште аталган мекеме жабыркаган тарап болуп эсептелгендиктен тергөөнү өзү эмес, башка орган жүргүзүшү зарыл эле:

“Мыйзам боюнча “Документ жасалмалоо” ишин кароого УКМКнын тиешеси жок. Прокуратурага канча даттануу жазбайын, бир да жооп боло элек. Менин жеке пикиримде, Рузиев УКМКга карата кечке арыздана берип, алардын жинине тийип койгон. Азыр Рузиев эки өпкөсүнөн пневмония болуп жатат. Ошого карабастан улам чакырып жатышат. Мени да “ооруп жатам” дегениме карабай Караколго “кол кой” деп чакырып жатышат. Облустук прокуратурага тергөө караштуулугу туура эмес болуп жатканын, документ жасалмалоо тууралуу ишти мыйзам боюнча УКМК карабай турганын, анын үстүнө бул жерде УКМК өзү жабыркаган тарап болуп жаткандыктан башка орган тергеши керектигин айтсам дагы эле жооп бере элек. “УКМКга ишенбестик жарыялайм” деп Башкы прокуратурага жазсам кайра УКМКга жөнөтүп жибериптир”.

Рузиев быйыл 29-майда Караколдо анын УКМК жана прокуратура кызматкерлерине каршы доо арызы каралган сот отурумунан чыгып келе жатканда кармалган. Эки күн изолятордо отургандан кийин ал алгач үй камагына алынып, кийин жашаган жеринен башка аймакка чыкпоо тууралуу тил кат менен бошотулган.

Изолятордо күч органдарына каяша иретинде ачкачылык жарыялап, абалы начарлагандыктан бошонгондон кийин ооруканага түшкөн.

Укук коргоочу Караколдогу «Вентус» уюмун жетектейт. Ал күч түзүмдөрүнүн кыйноосуна жана зомбулуга кабылган адамдарды коргоп, юридикалык жардам берип келгени менен белгилүү. Бул үчүн бир нече жолу өзү да кыйноого кабылганын айтып келет.

Рузиев кармалганын УКМК 30-майда кабарлап, сотко чейинки өндүрүш материалдары Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин «Документтерди жасалмалоо» жана «Алдамчылык» беренелеринин негизинде катталганын билдирген. Кийин иштен «Алдамчылык» беренеси алынган.

Рузиевдин маселесин 4-июнда Жогорку Кеңештин Кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөш боюнча комитетинин төрайымы Наталья Никитенко да көтөрүп, УКМК пикирин ачык айтып чыккан жарандык активисттерди кармаганы кооптондуруп жатканын айткан. Ал «Рузиевге коюлган «Документ жасалмалоо», «Алдамчылык» деген беренелерге УКМКнын кандай тиешеси бар?»​ деген суроо койгон.

Атайын кызматтын жетекчисинин орун басары Тургунбеков Никитенкого:

«Азыр мен жооп бере албайм. Сизге жазуу түрүндө жооп берели», - деп жооп кайтарган.

Адвокаттын билдирүүсүнө байланыштуу "Азаттык" 24-июлда Башкы прокуратурага кайрылды. Мекеменин Маалымат жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн прокурору Эрмек Асанов арыздарды кароо мөөнөтү бүтө электигин билдирди:

"Чынара Жакупбекованын Башкы прокуратурага Рузиев боюнча кайрылган үч жолдомосу бар экен. Анын экөө тергөө караштуулугуна байланыштуу жеринде чечүү үчүн Ысык-Көл облустук прокуратурасына жөнөтүлгөн. Ал эми бир кайрылуусу текшерүү алдында турат. Кароо стадиясы бүтө элек. Мыйзам боюнча, 14 жумуш күн ичинде тийиштүү жооп берилет. Ошондой эле кайрылуучу Жакупбекованын дарегине да жөнөтүлгөн каттар бар. Алар почта аркылуу жетет. Жыйынтыктап айтканда, кайрылуунун мөөнөттөрү бар, териштирүү иштери жүрүп жатат, кароо стадиясында турат".

Асановдун айтымында, адвокаттын биринчи жана экинчи кайрылуулары 21 жана 22-июлда Ысык-Көл облустук прокуратурасына жөнөтүлгөн. Ал эми алгачкы кайрылуусу 8-июлда келип түшкөн. (RK)

XS
SM
MD
LG