Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:43

Каржы министрлиги: Кыргызстан сырттан 742,9 млн. доллар жардам алат


АКШ доллары. Иллюстрациялык сүрөт.
АКШ доллары. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда социалдык-экономикалык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн 2020-жылы чет жактан жалпы 742,9 млн. доллар жардам алат. Бул тууралуу Финансы министринин орун басары Сүйөркул Абдыбалы тегин 24-июлдагы атайын брифингде кабарлады.

Анын айтымында, ушул күнгө чейин бул сумманын 333,3 млн. доллары келип түштү. Калган 409 млн. доллар жыл аягына чейин келет деп күтүлүп жатат.

10-июлда вице-премьер-министр Эркин Асрандиев Кыргызстан пандемия шартында эл аралык донорлордон 627 млн. доллар аларын маалымдаган.

Сырттан алынган жардамдын төрттөн бир бөлүгү грант түрүндө берилет. Калганы жеңилдетилген насыя түрүндө 10 жылдан 20 жылга чейинки мөөнөткө алынат.

Маалым болгондой, өкмөт жыл башында коронавирус менен күрөшүүгө, экономиканы жана бюджетти колдоого деп эл аралык уюмдардан каржылык көмөк сураган. Каражаттардын көбү негизинен бюджеттин дефицитин жабууга жумшалууда. Кайра санактан кийин Кыргызстандын 2020-жылкы бюджети 30 млрд. сом чогулта албай калаары белгилүү болгон.

Алты айдын жыйынтыгында 14 млрд. сом чогулбай калды. (ErN)

XS
SM
MD
LG