Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:38

Кыргыз-өзбек президенттери коронавивуска каршы биргелешкен аракеттерди талкуулады


Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин жолугушуусу. Бишкек, Кыргызстан. 2019-жыл, 13-июнь.
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин жолугушуусу. Бишкек, Кыргызстан. 2019-жыл, 13-июнь.

Бүгүн, 24-июлда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Кыргызстандын президенттик аппараты кабарлады.

Жээнбеков Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктап, ага бекем ден соолук, бакубатчылык жана ийгиликтерди каалады. Ал Өзбекстан президентинин кыргыз-өзбек элинин достук, ынак коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелеринин өнүгүшүнө кошкон жеке салымын белгиледи.

Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде чек ара кызматташтыгы жана кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин жандандырууну талкуулашты.

Президенттер эки өлкөнүн өз ара гуманитардык көмөк көрсөтүү жаатында аткарган ишин белгилешип, мындан ары коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө боюнча биргелешкен аракеттерди күчөтүү чараларын ортого салышты.

Кыргызстан Өзбекстандын Сардаба (өзбекче «Сардоба») суу сактагычынын жырылышынан улам жабыркаган калкына май айында азык-түлүк, курулуш материалдарынан турган гуманитардык жардам көрсөткөн. Өзбекстан Кыргызстанга бир нече жолу медициналык жабдууларды, дары-дармектерди жиберген. (ErN)

XS
SM
MD
LG