Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:41

Трамп партиясынын Флоридадагы курултайын өткөрүүдөн баш тартты


Президент Доналд Трамп. Вашингтон, 16-июль 2020-жыл
Президент Доналд Трамп. Вашингтон, 16-июль 2020-жыл

АКШ президенти Дональд Трамп эмки айда Республикалык партиянын Флорида штатындагы курултайын өткөрүүдөн баш тартты.

Бейшембиде Ак үйдөгү брифингде сүйлөгөн Трамп "эл көп топтолгон, чоң жыйын өткөрүүгө ылайыктуу маал эмес" деп билдирди. Ушул тушта Флорида баштаган бир катар түштүк жана батыш штаттарда коронавирустун жайылышы басаңдай элек.

Президент республикачылардын кийинки айдагы жыйындары “онлайн форматта" өтүшү мүмкүн экенин кошумчалады. Бирок 24-августта Түндүк Каролинада аны ноябрдагы президенттик шайлоого партиянын атынан расмий талапкер катары көрсөткөн курултайга делегаттар кыска убакытка чогулушу мүмкүн экенин жокко чыгарган жок.

Президенттин жогорудагы чечими өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандар төрт миллион адамдан ашкан маалга туш келди. Үчүнчү күн катары менен COVID-19дан көз жумгандардын саны миңден ашып жатат.
Жалпысынан илдеттен 144 миңден ашуун бейтап каза болду.

Жон Хопкинс университетинин эсебине ылайык, дүйнө жүзү боюнча COVID-10 чалдыкандар 15,4 миллионго жакындады. Оорунун айынан 631 миңден көп бейтап кайтыш болду.

Дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде вирус жуккан учурлар көбөйүп, карантин чаралары кайрадан киргизиле баштады.

Европада 23-июлда илдетке кабылгандар үч миллиондон ашты жана аймакта 206 миңден ашык адам жан берди.

XS
SM
MD
LG