Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:31

АКШ аскердик учактын ирандык жүргүнчү лайнерге жакындаганын бышыктады


F-15 учактары. Иллюстрациялык сүрөт
F-15 учактары. Иллюстрациялык сүрөт

Пентагон америкалык F-15 аскердик учагынын Сириянын аба мейкиндигинде ирандык жүргүнчү лайнерге жакындаганын бышыктады жана аба аскерлери визуалдык текшерүү жүргүзүшкөнүн билдирди.

АКШ армия өкүлдөрү F-15 коопсуз аралыкта болгонун, экипаж бардык эл аралык стандарттарга ылайык иш алып барганын кабарлашты.

Окуя Сириянын Ирак жана Иордания менен чек ара аймагында Ат Танф деген жерге жакын болгон. Ал жакта АКШнын чакан базасы бар.

«Визуалдык текшерүү Ат Танф гарнизонундагы коалиция аскерлеринин коопсуздугун камсыздоо максатында жүргөн. Учкуч ал "Mahan Air" компаниясынын жүргүнчү учагы экенин аныктагандан кийин алыстаган», - деп билдирди АКШ Борбордук командачылыгынын басма сөз катчысы Билл Урбан.

Анын алдында Ирандын мамлекеттик телеканалы Тегерандан Бейрутка бараткан учакка Израилдин эки согуш учагы жакындаганын кабарлаган. Маалыматка караганда, учкуч кагылышуунун алдын алып, бийиктикти дароо алмаштырганда бир нече жүргүнчү жарадар болгон. Ирандын Тышкы иштер министрлиги бардык тиешелүү саясий жана укуктук чара көрүлөрүн эскертти.

Кийин Ливандын башкалаасынын аэропорт башчысы жүргүнчү учак аман-эсен конгонун билдирди.

Вашингтон жана Тель-Авив көптөн бери эле "Mahan Air" компаниясын Сириядагы жихадчыларга "курал-жарак ташыйт" деп айыптап келишет. 2011-жылы АКШ компанияга санкция салган.

XS
SM
MD
LG