Франциядагы эл аралык иликтөөчүлөр Тегеранда атып түшүрүлгөн украиналык учактын кара кутуларынан алынган маалыматтарды көчүрүп бүтүп, алгачкы анализден өткөрдү.
Канаданын Транспорт коопсуздугу кеңеши 23-июлда билдиргендей, пилоттор кабинасындагы сүйлөшүүлөр менен учуу тууралуу маалыматтарды чечмелөө кырсыкты териштирүүдө абдан маанилүү учур болуп калды.
«Париждеги иш аяктады. Бирок иликтөө жыйынтыкталуудан алыс. Дагы көптөгөн суроолорго жооп алуу зарыл”, - деди кеңештин төрайымы Кэти Фокс.
Ошол эле маалда Фокс анализ эмнени көргөзгөнүн айткан жок.
Июнь айында Тегеран Боингдин кара кутуларын Франциянын тиешелүү бюросуна жөнөтүүгө көнгөн.
8-январда Иран башкалаасынан Киевге бет алган жргүнчү лайнер атып түшүрүлгөндө борттогу 176 киши, катарында бир нече өлкөнүн жарандары мерт болгон. Окуя Вашингтон менен Тегеран ортосундагы чыңалуу курчуп турган кезде болгон. Иран армиясы учакты ракета менен алмаштырып алып атканын кийин мойнуна алган.