Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 01:33

"Тез жардам": Кайрылуулар азайды, бирок абал кайра курчушу мүмкүндүгүн унутпоо керек


Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарында “Тез жардам” кызматынын түйшүгү жеңилдеди. Бул тууралуу 24-июлда “Азаттык” радиосуна мекеменин реанимация бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов билдирди.

Анын айтымында, соңку күндөрү телефон чалуулар, кайрылуулар азайганы байкалат, бирок жумуш абал кайра курчушу ыктымалдыгын эске алуу менен жүрүп жатат:

“Муну биз жалпы эпидемиологиялык абалдын жакшыруусу жана күндүзгү, түнкү стационарлардын активдүү иши менен байланыштырып жатабыз. Бейтаптарды ооруканага жаткыруу маселеси да турукташып калды. Буга чейин алып барган бейтапты ооруканалар кабыл албай жаткан. Бирок эпидемиолог адистердин мындай жакшы көрүнүш убактылуу болушу ыктымал деген эскертүүсү бар экенин да эстен чыгарбоо керек. Ошондуктан күчөтүлгөн тартипте иштөөбүздү токтото элекпиз”.

Борисов кошумчалагандай, коронавирус эпидемиясы башталгандан бери “Тез жардамга” кайрылгандардын эң көп учуру 29-июнда катталган. Анда бир сутка ичинде 5 миңден ашуун кайрылуу болгон.

Кечээ бир суткада кайрылуулардын саны 2 миңге жеткен жок.

24-июлга карата Кыргызстандын ооруканаларында коронавирустан 12 385 адам дарыланып жатат. Алардын эң көбү Бишкекте - 5 729 адам.

Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери бул инфекция 31 247 кыргызстандыкка жукту, алардын 18 038и айыгып кетти, 1 211и каза болду.

Өлкөнүн башкы пульмонологу азыр денеси ысып, тумоологондордун баары коронавирус экенин айтууда. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG