Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:43

COVID-19: Кыргызстандын ооруканаларында орусиялык 70 дарыгер ишке киришти


Башкыртстандык дарыгерлердин бир тобун Ош шаары тосуп алды. 24.07.2020
Башкыртстандык дарыгерлердин бир тобун Ош шаары тосуп алды. 24.07.2020

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Орусиядан келген 70 медицина кызматкери коронавируска каршы иштеп жаткан дарыгерлерге жардам берүүдө.

22-июлда Орусиянын Коргоо министрлиги 20 аскердик медиктен турган алты бригаданы бир айлык мөөнөткө жөнөткөн. 24-июлдан тартып төрт бригада Бишкектеги, экөө Ош шаарындагы аскердик госпиталдарда ишке киришти. Алар коронавируска чалдыккан аскер кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жардам көрсөтүшөт.

Орусиядан келген аскер дарыгерлери. 24.07.2020
Орусиядан келген аскер дарыгерлери. 24.07.2020

23-июлда Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Башкыртстандан 50 медицина кызматкерин жөнөткөн. Беш топко бөлүнүп иштей турган делегациянын курамында хирург, кардиолог, терапевт, педиатр, травматолог, анестезиолог-реаниматолог, инфекционист, пульмонолог жана башка адистер бар. Буга чейин алар баары коронавирусту дарылоого катышканы, Кыргызстанда үч ай иштери айтылды.

Башкыртстандык дарыгерлер Бишкек шаарынын, Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын ооруканаларына бөлүштүрүлүүдө.

Орусиялык дарыгерлер тобунун жетекчиси менен 24-июлда президент Сооронбай Жээнбеков жолукту.

24-июлда Орусиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко Кыргызстанга медицина кызматкерлеринин кошумча топтору дагы жөнөтүлөрүн билдирди.

Жазында коронавируска каршы иш тажрыйбасы менен Польшадан жана Кытайдан келген дарыгерлер бөлүшүп кетишкен.

Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери бул инфекция 31 247 кыргызстандыкка жукту, алардын 18 038и айыгып кетти, 1 211и каза болду.

Өлкөнүн башкы пульмонологу азыр денеси ысып, тумоологондордун баары коронавирус экенин айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG